Матраимов күнөөсүн моюнуна алды, жазасы - 260 миң сом

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата өкүм чыкты. Соттун 11-февралдагы отурумунда ага жаза чарасы катары 260 миң сомдук айып пул чегерилди. Мындай чечимди судья Гүлзат Дыйканбаева чыгарды. Мындан тышкары соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы күчүн жоготору айтылды.