Прокурор соттон Матраимовду акчалай жазалоону өтүндү

Райымбек Матраимов. Архивдик сүрөт.

Прокуратура Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду айыптуу деп таап, ага карата жазаны 260 миң сом өлчөмүндөгү айыппул түрүндө аныктоону соттон өтүндү. Бул тууралуу 11-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан отурумда белгилүү болду.

Прокурор Матраимовдун камакка алынган мүлкүн бошотууну да соттон өтүндү.

Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айтты.

Судья айыпталуучу тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан териштирүү жүргүзүлбөстөн дароо жарыш сөз башталарын айтты.

Прокуратуранын өкүлү Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу бойдон толтурганын белгиледи.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан. (TSh/RK)