Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында бүгүн, 11-февралда иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевге арналган «Уландын иши уланат» аттуу эскерүү иш-чарасы өтүп жатат.
Маркум журналисттин жаркын элесине арналган иш-чараны "Уланбек Эгизбаев атындагы жаштар бирикмеси” уюштурду.
Эскерүү кечесине Эгизбаевдин апасы, жубайы, жакындары, кесиптештери, экс-президент Роза Отунбаева, чыгармачыл адамдар жана активист жаштар катышып, анын эмгектери кийинки жаштарга үлгү болорун белгилешти.
Чыгаан журналист көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 31 жашка чыкмак.
«Азаттык» радиосунун таланттуу иликтөөчү кабарчысы Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (AiA)
Дагы караңыз
Чыныбаев: Жайма базардын соодагерлери жаңы орунга барбай жатат Аалымдар кеңешинин кезексиз жыйыны жабык өтүп жататКонституциянын долбоорун элдин талкуусуна чыгаруу талабы коюлган акция өттү12-февралга карата аба ырайы тууралуу маалыматАлайда өз жанын кыйган мугалим келиндин өлүмү иликтенүүдө