Жогорку Кеңештин имаратынын алдында бүгүн, 11-февралда Кыргызстанда жүрүп жаткан конституциялык реформага байланыштуу нааразылык акциясы өттү.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров депутаттардын алдына “Конституциянын долбоорун эл менен чогуу талкуулагыла” деген жазууну көтөрүп чыкты:
“Жогорку Кеңеш Конституциянын долбоорун ачык талкууга чыгарбай жатат. Бул болбойт. Баш мыйзам кеңири коомдук талкууга алына турган келишим да. Менин бүгүнкү талабым – парламент мындай алешемдикке жол бербей, Конституцияны элдин кеңири талкуусуна койсун”.
Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын 80 депутат демилгечи болгон жаңы долбоору деген документ жарыяланган.
Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ошол эле дата (2020-жылдын 17-ноябры) менен конституциялык кеңешме жакында эле иштеп чыккан жаңы долбоор коомдук талкууга коюлганы белгилүү болду. Аталган кеңешме президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген бул долбоорду 27-январда кабыл алган.
Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун кароого 17-февралда киришет.
Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев реформа мыйзам талаптарын тыкыр сактоо менен жүрүп жатканын айтып келет. (RK)
Дагы караңыз
12-февралга карата аба ырайы тууралуу маалыматАлайда өз жанын кыйган мугалим келиндин өлүмү иликтенүүдө Камалып чыккандардын акталуу аракети Чыныбаев: Жайма базардын соодагерлери жаңы орунга барбай жатат