12-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Иллюстрациялык сүрөт.

12-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз өлкө аймагында жамгыр жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 10…15;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -18…-23, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 13…15 градус болот.

Дагы караңыз

Алайда өз жанын кыйган мугалим келиндин өлүмү иликтенүүдө  Камалып чыккандардын акталуу аракети Конституциянын долбоорун элдин талкуусуна чыгаруу талабы коюлган акция өттүЧыныбаев: Жайма базардын соодагерлери жаңы орунга барбай жатат УКМКнын жанында Максатбек Токтомушевдин тарапкерлеринин акциясы өтүүдө