Ак үйдүн жетинчи кабатына беш депутат көчтү

5-6-октябрда талкаланган жетинчи кабат.

Жогорку Кеңештин имаратынын жетинчи кабатына беш депутат көчтү. Бул тууралуу "Азаттыкка" парламенттин иш башкармалыгынын башчысы Маратбек Матазимов кабарлады.

Матазимовдун айтымында, 7-кабатка көчүү тууралуу сунушун алар бардык депутаттарга айтып көрүшкөн. Натыйжада буга чейин иш бөлмөсү төмөнкү кабаттарда жайгашкан депутаттар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бакиров, Камчыбек Жолдошбаев, Бактыбек Турускулов жана мурдагы төрага Дастанбек Жумабеков жетинчи кабаттан орун алышты.

Депутат Дастанбек Жумабековдун айтымында, кабинеттерди кайра калыбына келтирүүгө алар бир нече айлык маянасын беришкен:

"Үч айлык маянабызды жана депутаттык фонддогу акчаны бөлдүк. Дубалдар кайра бойолду. Айрым керектүү эмерек алынды".

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ак үйдүн жетинчи кабатында ким отурат?

2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуяларга чейин жетинчи кабатта президенттин иш башкармалыгы жана парламент төрагасы отурчу. Октябрдагы башаламандыктан соң Ак үй талкаланган.

10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо жеңип чыккан президент Садыр Жапаровдун администрациясы толугу менен Өкмөт үйүнө көчкөн. (BCh)

Дагы караңыз

Израил вакцинация боюнча дүйнөдө алдыда барататЖээнбеков: Мэрди эл шайлашы керекМаксатбек Токтомушев кармалдыБишкек: Түндө шаардык соттун эшигин талкалап кирип баргандар изделүүдө Ак үйгө келтирилген чыгым болжол менен 230 миллион сом