УКМК: Муфтияттын башкы бухгалтери кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башкы бухгалтери мыйзамсыз финансылык иштерден улам кармалганын 10-февралда жарыялады.

УКМК каржылык мыйзам бузууларына байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы уюмдарына 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыя берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен жеке максаттарына жумшагандыгы аныкталганын билдирди:

"Бул каржылык операциялар ачыкка чыккандан кийин Дин башкармалыгынын жетекчилиги табылган фактыларды жашырып, тергөө иштерин токтотуу үчүн УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаган. 9-февралда бул факты сотко чейинки өндүрүшкө Жазык кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) бюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, ошол эле күнү муфтияттын башкы эсепчиси УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган".

Азырынча эсепчинин аты-жөнү тууралуу ачык маалымат бериле элек.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Айыпталган тарап азырынча комментарий бере элек. (BCh)

Дагы караңыз

Зулушев Аида Салянованы Жогорку сотко кайра кайрылууга чакырдыСадыр Жапаров жарлыктардын экинчи партиясына кол койдуТаңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Трамптын импичменти: алты сенатордун добушуСенат Трамптын экинчи импичменттик сотун улантууну жактап добуш берди