Зулушев Аида Салянованы Жогорку сотко кайра кайрылууга чакырды

Курманкул Зулушев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүндө маек куруп жатып, мурдагы юстиция министри Аида Салянованын ишине байланыштуу Жогорку соттун чечими жөнүндө комментарий берди. Ал Салянованын сотко кайра кайрылууга укугу бар экенин билдирди.

«Аида Салянованын иши каралганын мен өзүнүн интервьюсу чыккандан кийин билип калдым. Себеби Жогорку сотто кайсы иш каралып жатат, мен отчет албайм да. Катышып жаткан прокурорлор бар, мыйзамсыз болсо жооп беришет. Кылмыш иштин ичиндеги жагдайды окуй элекмин, эгерде мурдагыдай маалымат каражаттарында чыккан эле окуялар болсо, ал кишинин күнөөсү жок деп эсептейм. Мен мурда да аны саясий буйрутма менен соттолуп жатат деп айткам, азыр деле ошондой позициядамын. Азыр ал кишинин азыр деле укугу бар, жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча Жогорку сотко дагы деле арыз берсе болот».

Жогорку сот 27-январда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышы боюнча Салянованын ишин кайра карап, мурдагы чечимди күчүндө калтырган. Сот чечимин Салянова өзү саясий мүнөздөгү өч алуу катары баалаган.

2019-жылдын декабрь айында Жогорку сот жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу ишти кайра карап, Салянованын жазасын өзгөрткөн эмес. Буга байланыштуу Аида Салянованын адвокаттары жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылган.

Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.

Аида Салянованын кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча дагы бир кылмыш иши учурда Бишкектин Свердлов райондук сотунун кароосунда турат.

Ал 2011-2015-жылы баш прокурор, 2010-жылы юстиция министри болуп иштеген. Жогорку Кеңешке «Ата Мекен» партиясынан депутат болгон. (ErN)