Жогорку сот Нариман Түлеевдин ишин кайра кароого жиберди

Нариман Түлеев

Жогорку сот саясатчы Нариман Түлеевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого жиберүү тууралуу анын адвокаты А. Мощиндин өтүнүчүн 9-февралда карап, канааттандырган чечим кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Соттун чечими менен Түлеевге карата Бишкектин Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 29-июлундагы, Бишкек шаардык сотунун 2014-жылдын 23-декабрындагы өкүмү жана Жогорку соттун 2015-жылдын 30-ноябрындагы токтому жокко чыкты. Иш биринчи инстанция катары Ленин райондук сотунда башка курам менен кароого жөнөтүлдү.

Мунун алдында Түлеев өзү да “Фейсбуктагы” баракчасында пост калтырып, "канча жылдан бери адилеттикти талап кылып жүрүп, акыры ага жеткенин" жазды. Ал кезинде күнөөсүн мойнуна албаганын, өзү менен кошо соттолгон балдар жабыр тартпаш үчүн чыгымдын ордун толтуруп берип, кутулганын белгиледи.

Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген деп айыпталып, соттолгон болчу.

11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жана Бишкек шаардык мэриясына өткөрүлүп берилген болчу.

Н.Түлеев Бишкек шаарын 2008-2010-жылдары башкарган. (ErN)