АКШ Сенаты Дональд Трампка импичмент жарыялоо сунушун карайт

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп

АКШ Сенаты 9-февралда Дональд Трампка импичмент жарыялоо сунушун карайт.

Американын мурдагы президенти январь айынын башындагы Капитолийге кол салуу окуяларына байланыштуу өз тарапташтарын «козголоң чыгарууга козуткан» деген доо менен айыпталууда.

Бир күн мурда Трамптын адвокаттары экс-президенттин Капитолийдеги тополоңго тиешеси жок экенин билдиришти. Алар Трамп «өз каалоосу менен курал көтөрүп, күрөшкө даяр болуп, борбор калаага келген кылмышкерлер тобунун» аракеттери үчүн жоопкерчилик ала албастыгын кошумчалашты.

Ошондой эле 8-февралда Трампка импичмент жарыялоо боюнча менежерлер Сенатка жиберген катында «Трамптын жүрүм-турумунун далилдери айныксыз. Анын жоопкерчиликтен качуу аракеттеринен майнап чыкпайт», -деп жазылган.

Дагы караңыз

Байден: “экс-президент Трамп чалгын кызматынын маалыматын албоого тийиш”АКШ Сенатына мурдагы президент Трампка импичмент жарыялоо беренеси тапшырылды

Териштирүү малында 100 сенатор мурдагы президенттин ишин карашат.

Бул жараян бир аптага созулары күтүлүүдө. Айыптоочуларга жана жактоочуларга өз жүйөлөрүн келтирүүгө 16 сааттан берилет.

Трампты күнөөлүү деп табыш үчүн Сенаттагы 50 демократка бери дегенде 17 республикачынын добушу керек.

20-январда кызматынан кеткен Дональд Трамп өлкө тарыхында эки жолу импичмент жарыялоо аракетине кабылган АКШнын жалгыз президенти болуп калды.

Дагы караңыз

Бирмада аскердик бийликке каршы толкундоолор уланып жататБаш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяландыБШК Текебаевдин мандаты боюнча Жогорку сотко кайрылдыБишкекте алданган үлүшчүлөр он миңдей адам экени айтылды Евробиримдик Навальный үчүн Орусияга санкция киргизиши мүмкүн Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү такталдыКыргызстандын карызы 5 млрд. долларга жакындадыКыргызстанда 28 бала Кавасаки синдромуна күмөн саналып ооруканага жаткырылды Үсөнбаев: Коронавирустун "британ штаммын” аныктоо Кыргызстанда да жүрүп жатат