Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 9-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан эки адам каза тапты. 58 кишиге вирус жукканы маалым болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1433 кишиге жетти.
Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 171 адамга жетти. Андан айыгып чыккандар - 81 825 адам. (TSh)
Дагы караңыз
Жапаров: Ээнбаштык жана мүлк талаш иштери бар адамды мэрликке коюу мүмкүн эмесУКМК: Жогорку сотко караштуу мекемеде жемкорлук аныкталып, бир жетекчи кармалдыҮсөнбаев: Коронавирустун "британ штаммын” аныктоо Кыргызстанда да жүрүп жатат