Кыргызстанда онкологиялык ооруларга (өсмө илдетине) каршы күрөшүп, кайрымдуулук менен алектенген адамдарга ыйгарыла турган сыйлык негизделди. Бул тууралуу 8-февралда аны негиздеген “Жардам берүү оңой!” коомдук фонду билдирди. Сыйлык белгилүү алып баруучу, рактан каза болгон Салтанат Саматованын ысымында болот.
Сыйлык тапшыруу иш-чарасы апрель айында өтөт. Сынакта (1)кайрымдуулукка кошкон зор салым; (2) рак оорусуна каршы күрөшкө кошкон өзгөчө салым жана (3) онкологиялык диагнозуна карабастан мындай илдеттерге каршы күрөшүп, коомдук маанилүү иш жүргүзгөнү үчүн деген үч номинация бар.
Белгилүү алып баруучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматова 2018-жылы узакка созулган оорудан кийин каза болгон.
Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда 27 миң адам онкологиялык ооруга чалдыккан, алардын 18 миңи аялдар, 2,5 миңге жакыны балдар. (RK)
Дагы караңыз
Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяландыЖапаров: Ээнбаштык жана мүлк талаш иштери бар адамды мэрликке коюу мүмкүн эмесКоронавирустан дагы эки киши каза болду, 58 адам жаңы катталдыУКМК: Жогорку сотко караштуу мекемеде жемкорлук аныкталып, бир жетекчи кармалды10-февралга карата аба ырайы тууралуу маалыматҮсөнбаев: Коронавирустун "британ штаммын” аныктоо Кыргызстанда да жүрүп жататКыргызстандын карызы 5 млрд. долларга жакындадыБишкек мэриясына жаңы жетекчилик дайындалды