Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдромуна күмөн саналып ооруканага жаткырылды

Иллюстрациялык сүрөт. Кытай. Медайым коронавирус жуккан ымыркай менен отурат. 16-март, 2020-жыл.

Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 9-февралда "Азаттык" радиосуна Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев кабарлады.

Узакбаевдин айтымында, алардын ичинен 15инин диагнозу такталды:

"Тилекке каршы, жайында коронавирус менен симптомсуз, жеңил формада ооруп, суук түшкөндө постковиддик синдромго чалдыккан балдар болууда. Алардын арасында Кавасаки синдрому менен ооругандар да бар. Бактыга жараша, баары оорудан айыгып чыгууда".

9-февралга карата өлкөдө 150дөн ашуун бала ооруканада пневмония диагнозу менен дарыланууда. Алардын жыйырмадан ашууну оор абалда. (BCh)

Дагы караңыз

СОVID-19: Кыргызстанда эмдөө мартта башталат Коронавирустан дагы эки киши каза болду, 58 адам жаңы катталды"Мугалимдин күндөлүгү" сынагы башталды Карантинде кыз-келиндер көп кордолду"Дордойдогу" ишкерлердин товары алгачкы жолу поезд менен ташылып келди Пневмония менен ооруган 150дөн ашык бала ооруканада жатат