Фергана облустук акимчилиги 8-февралда Сох районунда аэродромдун курулушу башталганын билдирди.
Маалыматка караганда, 4,5 гектар жерге курула турган аэродромдун учуу-конуу тилкесинин узундугу 650, туурасы 100 метрди түзөт. 12 миллиард сумга (1,1 миллион доллар) бааланган объектини быйыл май айында куруп бүткөрүү пландалууда.
2020-жылы май айында Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Анда 187 өзбекстандык ар кандай жараат алып ооруканага түшкөн. Алардын үчөөнө мылтыктын огу тийип, бир нече турак жай өрттөлгөн. Күбөлөр жараат алгандардын көбү өзбек аскерлеринин элди тынчытып таратуу аракети маалында жабыр тартканын айтышкан.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Сохтогу чатактан Кыргызстан тараптан 25 киши түрдүү жараат алып, эки адам оор абалда ооруканага түшкөн.
Кийинчерээк Өзбекстанда «2020-2021-жылдары Сох районун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу» президенттин токтому кабыл алынган.
Дагы караңыз
Кыргызстандын карызы 5 млрд. долларга жакындадыОшто мектеп окуучусун зордуктоого шек саналып эки киши кармалдыЖергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү такталдыПремьердин эки ача билдирүүсү талкууга түштү