Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү такталды

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрель – жекшемби күнгө дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттик аппараттан кабарлашкандай, шайлоо депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганына байланыштуу белгиленип жатат.

Жарлыкта Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына бул өнөктүккө чыгымдарды бөлүү, шайлоону даярдоо, өткөрүүдө коопсуздук жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин тартиби боюнча да тапшырмалар коюлган.

Кыргызстанда былтыр 12-апрелде беш шаардык жана 25 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтмөк. 18-мартта өлкөдө коронавирус жуккан бейтаптар аныкталып, шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулган. (ErN)

Дагы караңыз

Премьердин эки ача билдирүүсү талкууга түштүГермания, Швеция жана Польша Москвага жооп чара катары орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарышатСтамбул аба майданында кыргызстандык келин көз жардыБүгүнкү Кордой турмушу: Бир жылда эмне өзгөрдү?