Адвокат: Казарманда майыптыгы бар кыз таята жана таенесинен зомбулук көргөн

Жабырлануучунун арызы.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман кыштагында 26 жаштагы майыптыгы бар кыз таята, таенесинин ур-токмогуна алынып, зомбулук көргөнү кабарланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" 8-февралда адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучунун атынан анын 27 жаштагы агасы Алтынбек Артыкбек уулу кайрылган.

Алтынбек Артыкбек уулу өз арызында ата-энесинен эрте жетим калышып, эки буту тубаса майып карындашы таятасынын үйүндө жашаганын, бул үйдө ал зомбулук көрүп жүргөнүн жазган:

"Менин сизге арыз жазуумдун себеби - менин бир тууган карындашым Артыкбек кызы Асел буттары баспайт. Казарманда таята, таенемдин колунда турат. Ата-энебиз эрте эле өтүп кеткен. Карындашымдын зомбулук көргөнү тууралуу видео фактылар, таятам зордуктаганы жөнүндө аудио фактылар бар. Мыйзам алдында алардын жооп беришин суранам".

Адвокат Шердор Абдыкапаров бул маалыматты ырастап, 9-февралда кыздын агасы менен чогуу Казарманга барып, тийиштүү укук коргоо органдары, соттук- медициналык экспертизага кайрылышарын "Азаттыкка" маалымдады.

"Биз кызды Бишкекке алып келип, атайын кризистик борбор же майыптыгы бар адамдар үчүн жайга жайгаштыралы деп жатабыз. Соттук-медициналык экспертиза да өткөрөбүз".

Кыргызстанда 2020-жылы үй-бүлөдөгү зомбулук 65% көбөйгөн. (BCh)

Дагы караңыз

Өкмөт үйүнүн алдында Төрткүл суу сактагычы боюнча пикет өтүп жатат Бишкектин вице-мэри Азизбек Алымкулов иштен кеткени кабарландыЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин алдында нааразылык акциясы өтүүдө Аламүдүн районунун тургундары Бишкек мэриясынын алдына пикетке чыгышты Бишкек: Кытай грантынын эсебинен жолдорду оңдоо 15-мартта башталат