7-февралда Чүй облусунун Москва райондук ички иштер башкармалыгынын өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү ("Пара талап кылуу" боюнча УКМК тарабынан кармалды.
Кармалган кызматкер сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу үчүн акча алып жаткан. Анын кызмат бөлмөсүндө тинтүү болуп, алынган паранын бир бөлүгү табылды.
Милиция кызматкерин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизип, сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Кармалган адамдын ким экени тууралуу ачык маалымат бериле элек. (BCh)
Дагы караңыз
Бишкек: Кытай грантынын эсебинен жолдорду оңдоо 15-мартта башталат Адвокаттар кеңешинин төрагасы өз кесиптешин «пальто ишине» байланыштуу сотко бердиТүркиядан беш көчмө клиника алып келүү пландалууда АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Шульц 100 жашында дүйнө салды