Кыргызстандын Жогорку соту президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованы күнөөлүү деп тапкан чечимди 25-январда жокко чыгарды.
Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйында билдирди.
«Жогорку соттун токтому менен Райкүл Жапаровага карата сот чечимдери жокко чыгып, баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Ага жанагыдай суроо-талаптын кереги жок. Кыргызстанга эркин келсе болот», - деди Зулушев.
Жыйында Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Жапарова боюнча биринчи жана экинчи инстанциянын чечимдерин, анын бөгөт чарасы боюнча өкүмдөрүн Жогорку сот жокко чыгарып, иш кайра тергөөгө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финпол) жиберилгенин айтышты. Ал жактан тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылганын маалымдады.
Бирок журналисттер кайра тактап сураганда Зулушев иш азыр Финполдун иликтөөсүндө экенин, такталган маалымат кийинчерээк берилерин айтты.
Жогорку сот жана Финансы полициясы бул тууралуу маалымат бере элек.
Райкүл Жапарова 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан 10 жылга соттолгон.
Былтыр февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын билдирген.
Кийинчерээк Ички иштер министрлиги ал Польшадан кармалганын, Интерпол Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин карап жатканын кабарлаган.
Жапарованын кайра бошотулганы тууралуу маалыматтар айтылган.
Президент Садыр Жапаров былтыр ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып эжесине кылмыш ишинин козголушун "саясий буюртма" деп сыпаттаган. (NT)
Дагы караңыз
Бишкектин жана Оштун прокурорлору кызматтан кетиштиНавальныйга козголгон дагы бир иш сотто каралууда Баткен: Өкмөт башчынын Төрткүл боюнча билдирүүсүнө нааразылар митингге чыгыштыЗулушев: Тартип комиссиясы уруксат берсе Калиева боюнча тергөө уланат