Баткенде облустук администрация имаратынын алдында ушу тапта нааразылык акциясы өтүп жатат. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, 250дөй жергиликтүү тургун топтолуп, өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Төрткүл суу сактагычы боюнча билдирүүсүнө байланыштуу нааразылыгын айтып жатышат.
Митингчилер чек ара боюнча так маалымат берүүнү, маселени Жогорку Кеңештин депутаттары да көзөмөлгө алышын, Марипов сөзүн кайра артка алып, жаңылыш айтып алганын моюнуна алуусун, расмий билдирүү таратышын талап кылып жатышат.
Чогулгандар алдына өкмөттүн облустагы өкүлү Жаныбек Жалалов чыгып, ал жер кошуна өлкөгө өтпөгөнүн, 1958-1989-жылдардагы картада Кыргызстандын аймагында турарын билдирди.
3-февралда парламентте өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып жатканда Улукбек Марипов аталган суу сактагычына кирген каналдын башы коңшу өлкөгө өтүп кеткенин айткан.
Депутат Тазабек Икрамов суу сактагычка байланыштуу тез арада депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылган.
Кыргыз өкмөтү түшүндүрмө берип, суу сактагыч жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү экенин билдирген.
Төрткүл суу сактагычы Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен тилкесинде жайгашкан. Ал 11 миң гектар жерди суу менен камсыз кылат. (RK/JsA)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дагы караңыз
Төрткүлгө байланыштуу талкуу күчөдүӨкмөт: Төрткүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар КыргызстандыкыПарламентте Төрткүл суу сактагычы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды