Johnson & Johnson компаниясы вакцинасын каттоо сунушу менен АКШ бийлигине кайрылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Johnson & Johnson фармацевтикалык компаниясы АКШнын бийлик органдарына кайрылып, коронавируска каршы вакцинасын тезинен каттоону суранды. Эгер бийлик аталган вакцинага уруксат берсе, ал АКШдагы каттоодон өткөн үчүнчү вакцина болот жана эмдөө жараянын тездетүүгө салым кошушу мүмкүн.

Johnson & Johnson буга чейин эмдөөдө колдонулуп жаткан Pfizer/BioNTech жана Moderna вакциналарынан айырмаланып, адамга бир эле жолу сайылат жана ташууга да ыңгайлуу.

Компаниянын маалыматы боюнча, препарат коронавируска каршы 66 пайыз эффективдүүлүгүн көрсөткөн. Дал ушундай жыйынтык менен эле жугуштуу вируска каршы натыйжалуу экенин компания өкүлдөрү билдирүүдө.

АКШнын тиешелүү органдары компаниянын сунушун 26-февралда карайт.

Johnson & Johnson компаниясынын өкүлдөрү вакцинасын коронавируска каршы эмдөөдө колдонуу сунушу менен Европанын тиешелүү органдарына жакын арада кайрылган жатышат.

Азыркы учурга чейин дүйнөдө коронавируска каршы 115 миллион доза вакцина таратылган. Алардын басымдуу бөлүгүн өнүккөн өлкөлөр сатып алышты. Ушундай кырдаалда Кызыл Чырым уюму 500 миллион вакцинаны жарды өлкөлөргө таратуу өнөктүгүн баштап жатат.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 5-февралга карата дүйнө боюнча вирусту жугузгандар 104 миллион адамдан ашса, анын 2 миллион 284 миңден ашууну каза болду.

Учурда коронавирустун мутацияланган түрлөрү тарап жатышы адистерди тынчсыздантып жатат.