Финполдун мурдагы башчысы Бакир Таировдун камактагы мөөнөтү узарды

Бакир Таиров.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) мурдагы төрагасы Бакыт Таировдун камактагы мөөнөтү 2-апрелге чейин узартылды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Таировдун бөгөт чарасы 28-январда каралды.

Бакир Таиров былтыр октябрдагы парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деп шек менен 10-декабрда кармалган. Эртеси күнү Биринчи май райондук соту аны 2-февралга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган.

Бакир Таиров же анын мыйзамдуу өкүлдөрү бул айыптоолор тууралуу комментарий бере элек. (NT)

Дагы караңыз

Казакстандык активист абактан чыктыБатукаев иши: Атамбаев 7-апрелге чейин камакта калды"Freedom House" "трансулуттук кылмыштар" боюнча баяндамасын жарыялады"Манас менежмент" компаниясынын мурдагы жетекчиси эки айга камалдыПрезиденттин өкүлү саясий куугунтук тууралуу айыптоолорго макул эмес