Казакстандык активист абактан чыкты

Макс Бокаев. Атырау шаары. 4-февраль, 2021-жыл.

2016-жылы жер маселесине байланыштуу митингдердеги ролу үчүн камакка алынган активист Макс Бокаев 4-февралда Атырау шаарындагы абактан бошотулду. Укук коргоочулар "саясий туткун" деп мүнөздөгөн Бокаевди өлкөнүн булуң-бурчунан ондогон адамдар тосуп алышты.

Казакстандык активист Макс Бокаев бейшемби күнү эртең менен Атырау шаарындагы абактан чыкты. Аны тосуп алууга ондогон тарапташтары келди. Бокаев аларга ыраазычылык билдирип, мындан кийин саясатка кызуу кирише турганын билдирди.

"Элдин, эл аралык уюмдардын колдоосуна ыраазычылык билдирем. Элдин колдоосу болбосо мени жок кылышмак. Менин сөөгүмдү таба албай калмаксыңар. Сиздерге рахмат! Кырдаалды телевизордон жана радиодон көрүп турам. Нурсултан Назарбаев кызматтан кетсе да эч кандай өзгөрүү болгон жок. Ошондуктан, мындан ары коомдук жумуштар менен алектенем", - деди Бокаев.

Ал аны тосуп алган адамдар менен бирге Атырау шаарындагы Исатай жана Махамбет аянтына барды. Бул аянтта 2016-жылы өкмөттүн жер реформасына каршы митинг өткөн. Беш жылдан кийин абактан чыккан активист Макс Бокаев дал ушул аянтка келип, Казакстан жаңы Конституцияга муктаж экенин айтты.

Макс Бокаев тарапташтары менен. Атырау шаары. 4-февраль, 2021-жыл.

"Тилекке каршы, Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев биздин Баш мыйзамды даарат кагазына айландырды. Бизге жаңы Конституция керек. Биз аны Назарбаевден жана учурдагы президент Касым-Жомарт Токаевден талап кылышыбыз керек".

Ошондой эле Бокаев 28-февралдан 28-мартка чейин жекшемби күндөрү жалпы элдик митингдерге чогулуп, реформаларды жана жаңы Конституцияны кабыл алууну талап кылды.

“Эгер өкмөт өзүнө келбесе, бизди укпаса, анда 3-апрелден баштап аянттарга чатырларды тигебиз. Чыгалы, жигиттер абакта таяк жеп чыктык. Мени көрүп жаткан калкты чакырат элем, соцтармактарда отура бербей аянттарга чыккыла!”.

Ал абактан чыгардан бир күн мурун жакындарына телефон чалып, сот ага кошумча чечим чыгарганын кабарлаган. Бул чечимге ылайык активист эми үч жыл бою коомдук иштерге катышпашы керек деп айтылган. Ал эми Макс Бокаев муну социалдык тармактарды колдонуусуна тыюу салуу аракети жана саясий куугунтук катары баалады. Анын адвокаты соттун чечимине каршы апелляциялык арыз берген.

3-февралда Нур-Султан шаарынан Атырауга Бокаев менен жолугушууга бара жаткан ондогон жарандык активист жана журналисттер ар кандай себептерден улам полиция токтотушканын билдиришкен.

48 жаштагы жарандык активист Макс Бокаев 2016-жылдын ноябрь айынан бери абакта отурган. Мындан беш жыл мурун жердин чет элдиктерге ижарага берилишине нааразы болгон миңдеген адамдар Атырау шаарында чогулган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарында да уланып, бийлик жерди чет элдиктерге ижарага берүүгө убактылуу мораторий жарыялаган.

Жер реформасына каршы митингге катышкан казакстандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аян беш жылга эркинен ажыратылган. Аларга "социалдык араздашууну козутуу", "жалган маалымат таратуу" жана "митингдер жөнүндө мыйзамды бузуу" беренелери боюнча айып тагылган.

Макс Бокаев митингде. Атырау шаары. 24-апрель, 2016-жыл.

2018-жылы апрелде сот Талгат Аянды анын өтүнүчү боюнча бошоткон. Ал эми 2019-жылдын июль айында Атырау шаарынын №2 шаардык соту Талгат Аянды актаган. Анда Макс Бокаев "мөөнөтүнөн мурда бошотууну сурабайм жана толук актоону талап кылбайм" деп билдирген.

Укук коргоочулар бул иш саясатташканын айтып, Макс Бокаевди саясий туткундардын тизмесине киргизишкен. Акыркы беш жылда өлкөдө жүздөгөн митингдер жана пикеттер болуп, активисттер саясий туткундарды, анын ичинде Макс Бокаевди бошотууну талап кылышкан. Ошондой эле эл аралык уюмдар казак бийлигин саясий туткундарды бошотууга үндөшкөн. Ал эми расмий Нур-Султан өлкөдө саясий туткундар жок деп билдирип келет.