Жапаров: Жаңы реформаларды жүргүзүүгө кеминде алты ай керек

Президент Садыр Жапаров.

Кыргызстанда жаңы дайындалган өкмөт элге ишин көрсөткүчө дагы жок дегенде алты ай талап кылынат. Бул тууралуу 4-февралда президент Садыр Жапаров Telegram каналына жарыялаган билдирүүсүндө жазды.

Жапаров белгилегендей, “Ал арада жаңы даярдалган Конституция жана жаңы мыйзамдар кабыл алынат, алардын негизинде жаңы реформалар, өзгөрүүлөр болуп, жаңы таза, кесипкөй кадрлар дыкат сынактан өтүп келүүсү мыйзам чегинде гана жүрөт”.

“Бул процесстерди басып өтүү үчүн убакыт талап кылынат” деди Жапаров.

Кыргызстанда 3-февралда жаңы өкмөт ишке киришти.

Конституциянын жаңы долбоору парламентке жиберилгени 2-февралда белгилүү болду. Анда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип жазылган. Долбоор эми элдик талкууга чыгып, парламенттин үч окуусунан өтүшү керек.

Ага ылайык, премьер-министрлик кызмат жоюлат. Президенттин администрациясынын жетекчиси бир эле учурда министрлер кабинетин да башкарат. (RK)