АКШ Шинжаңдагы зордукталган аялдарга тынсыздануусун билдирди

Кытайдагы «кайра тарбиялоочу» лагерлердин бири.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 3-февралда билдиргендей, Вашингтон Кытайдын Шинжаң аймагындагы лагерлерде бир нече жолу зордукталган жана сексуалдык ыдык көргөн мусулман аялдары боюнча «терең тынчсыздануусун» билдирди.

«Бул жырткычтык акылга сыйбайт, кесепети оор болуш керек»-деп жазылат Мамдепартаменттин «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна жиберген электрондук катында.

3-февралда Би-Би-Cиге Шинжаңдан качып чыккан аялдар лагердеги башынан өткөргөн окуяларын айтып беришкен. Алар лагерде кантип зордукталып, ур-токмокко, кыйноого алынганын сүрөттөшкөн.

Мамдепартаменттин билдирүүсүндө Кытай «адамзатка каршы кылмышка жана геноцидге барганы» үчүн дагы бир ирет айыпталган. Ошондой эле катта Кытай лидерлерин «бардык кармалгандарды бошотуп, лагерлерди жаап», Шинжаңдагы уйгурларды жана башка мусулмандарды куугунтуктоону токтотуу чакырыгы камтылган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Би-Би-Синин маалыматында «эч кандай факт жок экенин» айтты. Ал ошондой лагердеги окуяларды айтып берген адамдар «жалган маалыматтарды таратып жатышканы» көп ирет далилденгенин кошумчалады.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, кеминде бир миллионго чукул мусулмандар, басымдуу көпчүлүгү уйгурлар аймактагы «тарбиялоочу борборлордо» кармалып турат. Кытай бул дооматтарды четке кагып, ал жайларды "ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим борборлору" катары сыпаттайт.