Орусия Кыргызстандын жаңы өкмөтү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы өз ара интеграцияны тереңдетерине ишенет. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин премьер-министр Улукбек Мариповго жөнөткөн куттуктоо катында билдиргенин кыргыз тарап 4-февралда кабарлады.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Мишустин Мариповду премьер-министр болуп дайындалышы менен куттуктап, “Сиздин ишмердүүлүгүңүз эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык мамилени, ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык өз ара кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенем" деп айтты.
Ошону менен катар орус өкмөтүнүн башчысы Мариповго жооптуу кызматта ийгилик каалады.
Кыргызстанда 3-февралда өкмөттүн жаңы башчысы, курамы, түзүмү жана программасы бекиди.
ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы ага Армения менен Кыргызстан кошулган. Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер жөнүндө өкмөт да билдирген. (RK)