Статком: Былтыр ноябрда 50 миңге жакын адам айына 5500 сом айлык алган

Улуттук статистика комитетинин инфографикасы.

Улуттук статистика комитети 2020-жылдын ноябрь айында кыргызстандыктардын эмгек акысына байланыштуу иликтөө жасады. Анын жыйынтыгында 50 миңге жакын адам же жумушчулардын жалпы санынын 10,6 пайызы 5 562 сом айлык алат.

Ушул маселе 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү. Парламент депутаты Дастан Бекешевдин «Кыргызстанда 5600 сомго жашоого мүмкүнбү?» деген суроосуна премьер-министр Улукбек Марипов мындайча жооп берди.

«5 600 сомго деле жашаса болот. Бирок чындыгында кыйын. Сурооңуздун түпкүрүн түшүнүп турам. Сиз жашоо минимуму тууралуу айтып жатасыз», - деди Марипов.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. 2020-жылы ал Кыргызстанда 4900 сомду түзгөн.

Статкомдун маалыматы:

Жумушчулардын 142 миңден ашыгы (30,5%) 5 563 сомдон 11 миң 124 сомго чейин эмгек акы алышкан. (Ред: былтыр ноябрь айына карата)

130 миң адам бир айда (27,9%) 11 миң 125 сомдон 18 миң 540 сомго чейин маяна алган.

135 миңге жакын киши (28,9%) 18 миң 541 сомдон 55 миң 620 сомго чейинки айлыкка иштеген.

Ал эми 10 миңге жакын адам же жумушчулардын жалпы санынын 2,1 пайызы былтыр ноябрда 55 миң 621 сом же андан жогору эмгек акы алган.

Кыргызстанда 2019-жылы калктын киши башына карата республиканын ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) көлөмү 1 300 АКШ долларынан ашып Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген мамлекеттер арасында эң төмөнкү көрсөткүч болуп калган. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстан | Жаңылыктар (03.02.2021) "Бүгүн Азаттыкта"Жаңы өкмөткө үмүт жана талапАКШ: Мигранттардын балдары ата-энелерине кайтарылат