Бишкек – Москва багыты боюнча авиакаттам көбөйөт

Иллюстрациялык сүрөт.

8-февралдан тартып Бишкек – Москва багыты боюнча «Авиа Траффик Компани» жана «Аэрофлот-орус авиалиниялары» компаниялары жумасына үч жолудан каттайт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул алты каттам туруктуу болорун жана кыргызстандыктар Москвага үзгүлтүксүз уча алышарын билдирди.

Бишкек – Москва авиакаттамынын санын көбөйтүү маселеси Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси менен Орусиянын өкмөтүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында чечилди.

Ошондой эле Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал турукташып калгандыгы да себеп болду. (BTo)

Дагы караңыз

Өкмөттүн жаңы курамына сын жана бааОрусияда миграциялык текшерүү күчүнө киретМигрант кыз-келиндерди колдогон демилгеМиграция: депутаттын талаштуу сунушуМигранттар пенсия менен камсыздалат Кыргызстанда жумушсуздук күчөдүЖасалма «негиздеме» мигранттарды кыйнады