Түркмөнстандын Ашхабад шаарында медицина кызматкерлерин коронавируска каршы Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө иштери башталды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды.
Маалыматка караганда, 3-февралда баш калаадагы медиктерге вакцинанын биринчи дозасы сайылды. Экинчи дозасын үч жумадан кийин алышат.
Буга чейин Түркмөнстан «Спутник V» менен калкты жапырт эмдөөнү 15-февралда баштайт деп күтүлүп жатканы кабарланган. Ага даярдык көрүүнүн алкагында милдеттүү түрдө эмделиши керек болгон жарандардын тизмеси түзүлүп, алардын негизги бөлүгүн улгайгандар, медиктер жана өнөкөт оорусу бар жарандар түзгөн.
18-январда Түркмөнстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Орусиянын коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын каттоодон өткөргөн. Он күндөн кийин дүйнөдө биринчи болуп «ЭпиВакКорона» деп аталган дагы бир орус вакцинасын каттаган.
Түркмөнстан коронавирус жуктурган бир да бейтап расмий каттала элек дүйнөдөгү онго жакын өлкөнүн бири. Ошол эле маалда расмий Ашхабад илдеттин жайылышынын алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирип келет.
Дагы караңыз
Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламентке жиберилдиКремль Батыштын сынына жооп кайтарды«Кыргыз үмүтү» Жээнбековго каршы арыз жазды