Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери коронавирустун келип чыгышын изилдөөнүн алкагында Кытайдын Ухань шаарындагы Вирусология институтуна барышты. Бул коронавирус боюнча маалымат чогултканы барган топтун ишинин кульминациясы болуп саналат. Аталган институт дүйнөгө тараган вирустун генетикалык маалыматтарынын архивин түзгөн.
АКШ, Австралия, Германия, Жапония, Британия, Орусия, Нидерланддар, Катар жана Вьетнам өңдүү өлкөлөрдөн чогулган адистер коронавирусту биринчилерден болуп жугузган адамдар менен баарлашты.
ДССУнун эксперттери Кытайга бир нече жолку сүйлөшүүлөрдөн соң гана киргизилди. Расмий Бээжин эл аралык адистердин келишине уруксат бербей келген.
Коронавирус алгач 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан.
Вирус кандай жагдайда пайда болгону тууралуу ар кандай божомолдор айтылып келет. Айрымдарына караганда, вирус жарганаттар аркылуу Ухандагы базарга жетип, ал жактан башка жаныбар аркылуу адамга жуккан болушу мүмкүн.
Дагы караңыз
Орусияда «Медиазона» басылмасынын редактору камалдыАшхабадда дарыгерлерди коронавируска каршы эмдөө башталдыТемир Сариев: Өкмөт туруктуу болбосо эч ким иштебейт Бишкек – Москва багыты боюнча авиакаттам көбөйөт