Өкмөттөгү кыскартуудан кийинки чыгым канча болору тактала элек

Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн курамындагы кыскартуудан кийин жумушсуз кала тургандарга мамлекет канча сом кенемте төлөп берүүгө милдеттүү болору азырынча белгисиз. Бул тууралуу 3-февралда парламентте маалымат берип жатып премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, бул эсептер жакынкы күндөрү такталат, кыскартууга бөлүм башчылар же катардагы адистер дуушар болбойт.

Вице-премьерликке талапкер Улукбек Карымшаков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып 17 статс-катчы, бир нече министрдин орун басары кыскарарын, мындан мамлекет 74 миллион сомдун тегерегинде үнөмдөп каларын айткан.

Депутат Кожобек Рыспаев кыскартуунун чыгымы да бар экенин, себеби мамлекеттик кызматкер жумушсуз калганда ага өкмөт кенемте төлөп берүүгө милдеттүү болорун эскерткен.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бүгүн, 3-февралда премьер-министрдин кызматына талапкер Улукбек Марипов сунуш кылган өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы талкууланып жатат.

Марипов өз сөзүндө өкмөттүн курамы 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айтты. (RK)