Тилек Токтогазиев: Ун аткезчилигинен улам 1 миллиард сом бюджетке түшпөй калууда

Тилек Токтогазиев.

Айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев 3-февралдагы басма сөз жыйынында тармактагы маселелердин чоо-жайын жана өкмөттүн сунушталып жаткан жаңы курамына өзүнүн кирбей калышынын себептерин жарыялады.

Анын айтымында, айыл чарба азыктарын чек арадан өткөрүүдө чоң кыйынчылык бар. Азыр ун аткезчилигенен улам 1 миллиард сомдой каражат бюджетке түшпөй калууда. Токтогазиев ун чек арадан башка товар түрүндө өткөрүлүп жатат деп эсептейт.

Министр өзүнүн командасы калыптанып калган аткезчилик схемасына каршы күрөшүп келгенин, бирок парламентте ага макул болбогондор бар экенин айтты.

«Депутаттык корпуста бизге тоскоол болгон белгилүү бир күчтөр бар. Биз кайсы бир адамдарга же саясатчылар үчүн эмес, элге кызмат кылыш үчүн келгенбиз. 100 күн ичинде биз өз ишибизди жоопкерчилик жана чынчылдык менен аткардык», - деди ал.

Тилек Токтогазиев 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин бийлик алмашканда министр болуп дайындалган. Ал Улукбек Марипов башында турган өкмөттүн жаңы сунушталып жаткан курамына кирген эмес. (NT)