Башкы прокуратура: Дары-дармек департаментинде коррупциялык схема аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин жооптуу кызматкерлерине каршы сегиз фактыны иликтеп жатат.

Ал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча катталды.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, медициналык препараттарга экспертиза жүргүзүүдө, лабораториялык сыноолорду өткөрүүдө жана мамлекеттик сатып алууда коррупциялык схема аныкталды.

Департаменттин жооптуу кызмат адамдары фармацевтикалык компанияларга өлкөгө сапатсыз медициналык препараттарды алып келүүгө шарт түзгөн жана коронавируска байланыштуу пандемия учурунда коррупциялык кылмыштарды жасаган деп шек саналууда.

Башкы прокуратуранын сунушу менен департаменттин төрт кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылып, анын ичинен бирөө жумуштан бошотулду.

Күмөн дары-дармек, миллиондор айланган бизнес, мамлекеттик мекемедеги коррупция жана кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу "Азаттык" радиосу жакында "Эл кандай дары-дармек ичип жатат?" деген иликтөөсүн жарыялаган.(BTo)

Дагы караңыз

Ири кендерди мамлекетке алуу сунушталдыКумаркана ачуу маселеси кайра козголдуКылмыш иши козголгон өкмөт башчыларКедерине кеткен кыргыз энергетикасы