2021-жылдын январь айында президенттин аппаратына 451 адамдан кайрылуу түштү.
Аппараттын басма сөз кызматы анын 239у (63,7%) көзөмөлгө алынып, 37си аткарылганын (15,5%), 202 жарандын кайрылуулусу (84,5%) каралып жатканын кабарлады.
Эң көп арыз-дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан келди - 146 (38,2%). Ал эми, Чүй облусунан - 65 (17,0%), Ош облусунан жана Ош шаарынын жашоочуларынан - 39 (10,2%), Жалал-Абаддан - 56 (14,7%), Ысык-Көлдөн - 31 (8,1%) калган аймактардан 10-13төн кайрылуу түштү.
149 кайрылуу (39,0%) соттордун жана укук коргоо органдарынын иштерине туура келет. Мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча - 57 (14,9%), саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча - 24 (6,3%), турак жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү боюнча - 20 (5,2%) арыз бар.
Калгандары эмгек акы, пенсия, жөлөк пул жана насыяларды жоюу, мөөнөтүн узартуу маселелерине тиешелүү. (BTo)
Дагы караңыз
Өкмөт министрликтерди кескин кыскартатИри кендерди мамлекетке алуу сунушталдыКумаркана ачуу маселеси кайра козголду