Премьерликке талапкер Марипов парламент комитетине өкмөт түзүмүн, курамын тааныштырды

Улукбек Марипов, премьер-министрликке талапкер.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети ушу тапта премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын талкуулап жатат.

Буга чейин экономика жана Финансы министрликтери бир блокко биригип, анын жетекчисине вице-премьер-министр деген макам берүү сунуш кылынган.

Марипов өкмөттүн курамына 16 талапкерди сунуш кылды. Талапкерлердин сегизи жаңы сунушталууда, калган сегизи өкмөттүн курамында мурда иштеп келгендер. Алар:

1. Улукбек Марипов, премьер-министр;
2. Артём Новиков, биринчи вице-премьер-министр;
3. Улукбек Карымшаков, экономика жана финансы министри, вице-премьер;
4. Жеңиш Асанкулов, өкмөттүн аппарат жетекчиси;
5. Руслан Казакбаев, тышкы иштер министри;
6. Таалайбек Өмүралиев, коргоо министри;
7. Аскар Жаныбеков, айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;
8. Кубанычбек Турдубаев, энергетика жана өнөр жай министри ;
9. Улан Ниязбеков, ички иштер министри;
10. Гүлмира Абдралиева, транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри;
11. Бообек Ажикеев, өзгөчө кырдаалдар министри;
12. Асел Чынбаева, юстиция министри;
13. Кайрат Иманалиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
14. Алмазбек Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри;
15. Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
16. Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.

Буга чейин өкмөттүн курамы 22 жетекчиден турган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата-Журт» фракциясы сунуш кылган. Тармактык комитет өкмөттүн курамын жактырса, маселе 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн. Ош техникалык жана мамлекеттик университеттеринде финансы, насыя, юриспруденция адистиктери боюнча билим алган. Мамлекеттик органдардагы ишин 2001-2002-жылдары Финансы министрлигинде биринчи категориядагы адис катары баштаган.

Андан кийин Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитетте төраганын жардамчысы, Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы (2003-2005-жылдары облустук администрацияны издөөдө жүргөн мурдагы депутат, экс-вице-премьер Аскарбек Шадиев жетектеген-ред.), Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси (резюмесинде кайсы депутат экени көрсөтүлгөн эмес -ред.), президенттик аппараттын бөлүмдөрүндө эксперт, 2010-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын башчысы, андан кийин өкмөт аппаратынын инспектору, 2011-2015-жылдарда президенттин жардамчысы, 2015-2016-жылдарда президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

2016-жылы 18-мартта Эсеп палатасына аудитор болуп ишке орношуп, бир күндөн кийин төрагасы болуп дайындалган, ошондон бери бул кызматта иштеп келаткан.

Улукбек Марипов - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Ноокат райондук ооруканасынын башкы дарыгери Асамидин Мариповдун уулу. (NT)

Дагы караңыз

Башкы прокуратура: 1,5 сомдук бахиланын ордуна 150 сомдугу сатылып алынганМосквада Навальныйдын сотунун алдында бир нече киши кармалдыЖалал-Абад: Борбордук базарда иштегендердин нааразылык акциясы улануудаТартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы боюнча жыйынга качан чогулары белгисиз