Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы боюнча жыйынга качан чогулары белгисиз

Гүлбара Калиева.

Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева боюнча жыйынга качан чогулары азырынча белгисиз. Бул тууралуу 2-февралда «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Башкы прокуратура Калиева боюнча сунуштамасын Тартип комиссиясына 28-декабрда жөнөткөн. УКМК Калиева коррупцияга байланыштуу шек саналып жаткандыктан, тергөө органдары аны жазык жообуна тартуу максатында Тартип комиссиясына сунуштама бериш үчүн Башкы прокуратурага өтүнүч келтиргенин 26-декабрда маалымдаган.

Комиссия 5-январда жыйынга чогулуп, бирок Калиева өзү катыша албай калгандыктан, жыйынды башка күнү өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда журналисттерге маалымат берип жатып Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирген. Ташиев ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Калиева өзү 29-декабрда «Азаттыктын» түз эфиринде сүйлөп жатып Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин Жогорку соттун каржылык документтери текшериле баштаганын, бирок анын айткандарына далил табылбай жатканын айткан. Ал Жогорку сотту санарипке өткөрүү долбоорун Европа Биримдиги ишке ашыргандыктан, ага кийлигишүү болбогонун жана жеке өзү эч кандай документке кол койбогонун билдирген. (RK)