Бизнес-акыйкатчы: Көп сунушубуз президенттин жарлыгында камтылганын кубаттайбыз

Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит.

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы ишкерлерди колдоо боюнча буга чейин айтып келген сунуштары президенттин «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгында камтылганын кубаттайт. Бул тууралуу бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смиттин 1-февралдагы билдирүүсүндө айтылды.

Ишкерлерге салык жагынан жеңилдик берүү, аларды негизсиз текшерүүнү токтотуу, коопсуздугун камсыз кылуу, уруксат берүү системасын жөнөкөйлөтүү сыяктуу кадамдар өлкөнүн жаңы жетекчилигинин саясий эркинин далили экени белгиленди.

Өз кезегинде бизнес-акыйкатчы ишкерликке ыңгайлуу шарт түзүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу жагынан колдоо көрсөтүүсүн уланта берери айтылды.

Бир нече күн мурда Робин Орд-Смит ишкерлерге карата кысым болуп жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Былтыр 23-октябрда Бишкекте Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында ошол кезде премьер-министр болуп турган азыркы президент Садыр Жапаров инвесторлорго колдоо көрсөтүлбөсө, туристтер келбесе, коррупция жоюлбаса мамлекет өнүкпөй турганын айткан. Анын президент катары кабыл алган алгачкы беш жарлыгынын бири ишкерликти колдоого багытталды. (RK)