Туу көтөрөм деп келген памирлик Турганбай

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2017-жылдын октябрь айында Памирден Кыргызстанга көчүрүлүп келген бир ууч этникалык кыргыздардын арасында 16 жаштагы Турганбай Абдулвахид уулу да бар болчу. Азыр эр жетип, Нарындагы мектептин 9 жылдык окуу программасын үч жылда аяктап, Ишенаалы Арабаев атындагы университетте педагогика багытында билимин улантып жатат.