Кыргызстанда Коргоо министрлиги кайра түзүлө турган болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 1-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров «Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Анда тармакты өнүктүрүү максатында, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын базасында Коргоо министрлигин түзүү максатка ылайык болору жазылган.
Кыргызстандын Коргоо министрлиги 2014-жылы Куралдуу күчтөрдү реформалоонун жүрүшүндө жоюлган. Анын ордуна тармакты башкарган бирдиктүү орган катары Башкы штаб негизделген.
Министрликтин базасында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет иштей баштаган. (NT)
Дагы караңыз
Кабулда талибдердин чабуулдары күчөдүАкорда: Жапаровдун Казакстанда өтчү сапарына даярдык талкууландыПрезиденттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн Нуркамал Асканова жетектейтУлукбек Марипов: Өкмөттүн курамы кыскарат