Нургазы Анаркулов ээлеген кызматынан бошотулду

Нургазы Анаркулов. Архивдик сүрөт.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров 1-февралда кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

30-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Анаркулов ири суммада пара талап кылууга байланыштуу шектүү катары кармалганын, ага карата сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча жүрүп жатканын кабарлаган.

Анаркулов бул кызматка 2020-жылы 5-6-октябрдагы элдик толкундоодон кийинки бийлик алмашууда дайындалган.

Кылмышка шектүү өзү же анын жакындары УКМКнын айыптоосуна комментарий бере элек. (RK)