Жекшембиде Орусиянын ондогон шаарларында өткөн бийликке каршы жүрүштөрдө 4700дөн ашуун адам кармалды. Бул тууралуу көз каранды эмес «ОВД-Инфо» мониторинг тобу маалымдады.
«Падыша кетсин!», «Навальныйга боштондук» деп ураан чакырып, жер-жерлерде көчөгө агылып чыккандарды таркатыш үчүн күч колдонулду.
Санкт-Петербургда борборго топтолгондорду чачыратыш үчүн күч кызматтары көздөн жаш агызчу газ чыгарышкан. Ал эми Москвада жана бир катар шаарларда полиция демонстранттарга каршы союл жана электрошокер колдонушту.
Көз каранды эмес «ОВД-Инфо» мониторинг тобу кеминде 35 адам катуу ур-токмокко алынганын, жаш балдар, улгайган адамдар менен акцияларды чагылдырган журналисттер да эч кандай түшүндүрмөсүз кармалганын маалымдады.
Мисалы, Тверь шаарында полиция дүкөнгө бараткан 12 жаштагы баланы кармап, анын телефонун алып, ата-энесине байланыштырбай койгонун энеси айтып берген.
Интернетке канжалаган адамдардын сүрөт-видеолору таркап, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери ага карабай адамдарды колу-бутунан сүйрөп, автобустарга жүктөп жатканын көрүүгө болот. Челябинскиде тартылган видеодо эки ОМОН кызматкери бир баланы жерге жаткырып үстүнөн басып алып, ал «аба жетпей жатат» деп жалынып жатканы чагылдырылган. Москвада полиция кармалган адамга каршы электрошокер колдонуп, ал ошол жерден эстен танып жыгылганы журналисттердин түз эфиринде тартылып калган.
Москвадан Владивостокко чейин ондогон шаарларда өткөн нааразылык акцияларына жалпы канча адам чыкканы расмий кабарлана элек. 23-январда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акцияларга 40 миңдей адам чыкканы кабарланган. (LzT)