Бишкекте активисттердин кезектеги тынчтык маршы өттү

Акциянын катышуучулары. 31-январь, 2021-жыл.

31-январда Бишкекте кезектеги "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык маршы өттү. Уюштуруучулардын социалдык тармактардагы баракчаларында кабарлангандай, акцияга жыйырмадан ашык адам катышты. Алар Темир жол вокзалынын алдына чогулуп, жүрүшүн адаттагыдай эле Ала-Тоо аянтында жыйынтыкташты.

Акцияда Кыргызстанда коррупцияны жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу талаптары коюлуп, активисттер колдоруна “Садыр ава, Путин болбо”, “Конституцияны көрсөт” деп жазылган баракчаларды кармап басышты. Президенттик аппарат акциядагы талаптар боюнча комменттарий бере элек.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат. (TSh)

Дагы караңыз

Улуттук банк 45,7 миллион доллар сатты Коронавирустун жаңы түрү Өзбекстанда катталдыCOVID-19: бир бейтап каза болду, дагы 76 кишиден аныкталдыНавальныйдын тарапташтары аны боштондукка чыгаруу талабы менен көчөлөргө чыгатӨкмөт коронавирустун үчүнчү толкуну болушу мүмкүн экенин эскертти