Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин 28-январда уюмдун 2021-жылдагы артыкчылыктуу багыттарын айтып берген брифингде Кыргызстандын туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева 25 мамлекет мүчө болгон Тоолуу өлкөлөр тобунун атынан сөз сүйлөдү.
Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева өз сөзүндө коронавирус пандемиясында экосистеманы коргоо жана тоолуу өлкөлөр дуушар болгон көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырды. Кыргызстан уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриштин экология жана Тоолуу өлкөлөр тобунун кызматташтыгын арттыруудагы иш-чараларын колдоого даяр экенин билдирди. (TSh)
Дагы караңыз
УКМК: президенттик аппараттын маалымат кызматынын башчысы кармалдыӨкмөттү түзүү күн тартибине чыктыЭэн кыштоодо гүлдөй өмүр кыйылды