Сурабалдиева: Жаңы тергөө абагын куруу зарыл

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Элвира Сурабалдиева Бишкектеги №1 тергөө абагында. 29-январь, 2021-жыл.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Элвира Сурабалдиева 29-январда Бишкектеги №1 тергөө абагына барып, анда иштеген кызматкерлер жана камактагылар менен жолугуп, абактагы эпидемиологиялык кырдаалды көрдү.

Сурабалдиева имараттын ички абалы, инфратүзүмү эскиргенин белгилеп, бул жайда камактагы жарандар менен кызматкерлер үчүн оор кырдаал түзүлгөнүн айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүү таратып, абакта коронавируска каршы катуу санитардык чаралар көрүлүп жатканын маалымдады.

Сурабалдиева: «Камералардын абалы абдан начар. №1 тергөө абагын башка жакка көчүрүп, жаңы, бир нече кабаттуу имаратты куруу зарылдыгы бар», - деп, Саламаттык сактоо министрлигине тергөө абагына «Тез жардам» унаасын берип, сапаттуу, кесипкөй медициналык кызматкерлерди иштетүүнү тапшырды.

Бишкектеги №1 тергөө абагы эки миң орундуу. Ал Жукеев-Пудовкин жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Бул жайды көчүрүү жана кеңейтүү маселесин укук коргоочулар, адвокаттар байма-бай көтөрүп келатышат. (BCh)

Дагы караңыз

«Кыйноого каршы коалиция»: Соттолгон милиционер акталууга аракет кылып жататАКШ Иран боюнча атайын чабармандыкка Роберт Мэллини дайындайтИсфанада бир тонна көмүр 8 миң сомдон сатылууда Румынияда ооруканада чыккан өрттөн төрт киши каза болдуЭсеп палатасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун текшерди