30-январда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 8…13;
Талас жергесинде түнкүсүн -7...-12, күндүз 9…14;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 9…14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -3…-8;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -26…-31, күндүз -6…-11 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз 11…13 градус болот.