Милиция Сегизбаевдин аялы менен тарапташтарын бошотту

Абдил Сегизбаев.

Бишкектин Ленин райондук милициясы президенттикке талапкер, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин тарапташтарын бир нече сааттан кийин коё берди. Бул тууралуу кармалгандардын бири Мээрим Асанова «Азаттыкка» билдирди:

«Сегизбаевдин жубайы менен кошо төрт адам пикетке чыккан эле. Аларды милиция кармап кеткен, протокол тузүлгөндөн кийин кайра бошотулду».

Сегизбаевдин тарапташтары жана жубайы Айнура Сегизбаева Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтчү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдына нааразылык акциясына чыгышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев эки айга камакка алынган. 27-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 25-мартка чейин атайын кызматтын тергөө абагында кармоого чечим чырган. (BCh)

Дагы караңыз

Жапаров коомдун бардык катмарын биригүүгө чакырдыСадыр Жапаровду Евробиримдиктин төрагасы куттуктады«Азаттык» инаугурацияны чагылдыруу учурундагы мүчүлүштүк үчүн кечирим сурайт«Google» өңдүү долбоор түзгүсү келген Азрет