Биометрикалык паспортко атасынын аты жарандын каалоосуна ылайык жазылат

Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорт.

Кыргызстандыктын жаңы үлгүдөгү паспортунун 100 миң нускадагы биринчи партиясы февралдын аягында даяр болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы паспортто «атасынын аты» деген сап жарандын каалоосуна жараша толтурулат.

«Социалдык тармактарда жарандар бул форматка терс мамиле кылышты, анткени бул атанын ысымы колдонулбаган өлкөлөрдө биздин жарандарды идентификациялоону татаалдаштырат. Латын тамгалары менен паспорттун ээсинин атасынын аты ушул бөлүмдө жарандын каалоосу менен гана жазылат деген чечим кабыл алынды», деп билдирди Мамкаттоо.

Буга чейин таратылган маалыматка караганда кыргызстандыктын биометрикалык жарандык паспорту 30дан ашуун заманбап коопсуздук элементтери менен корголот. Тагыраак айтканда анда Ала-Тоо аянтындагы Тарых музейинин, Манастын эстелигинин, Айгүл гүлүнүн, Таш-Рабат архитектуралык комплексинин, Ысык-Көлдүн жана Кыргызстандын башка аймактарынын символдору камтылган.

Кыргызстандыктын паспортунун жаңы үлгүсүн чыгаруу боюнча 2020-жылдын май айында германиялык «Mühlbauer ID Services» компаниясы менен 1,5 миллион бланк чыгарууга үч жылдык келишим түзүлгөн. Келишим улуттук валюта сом менен түзүлгөндүктөн, жаңы паспорттун баасы чет өлкөлүк валюталардын өзгөрүшүнөн көз каранды болбойт.

Биометрикалык паспортторду ишке киргизүү иштери 2016-жылы башталган. Биринчи этапта электрондук чип орнотулган ички электрондук ID-паспорттор даярдалып, 2017-жылы бериле баштаган. (BCh)

Дагы караңыз

Жапаров президенттик башкаруу аркылуу мыйзам диктатурасы орной турганын айттыСадыр Жапаров: Кыргызстандын тышкы саясаты көп векторлуу болотСот Саляновага чыккан өкүмдү өзгөрткөн жок Садыр Жапаров: Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт