Орусиялык байкоочулар Кыргызстанда президенттик шайлоо калыс өткөнүн белгилешти

Иш-чара маалында.

Шаршембиде Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгы боюнча Москвада брифинг өттү.

Кыргыз элчилиги уюштурган расмий иш-чарага Мамлекеттик Думанын, Борбордук шайлоо комиссиясынын, Орусиядагы чет өлкөлүк элчиликтердин жана орусиялык медиа каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо тууралуу КМШ парламент аралык ассамблеянын байкоочуларын жетектеп барган Мамлекеттик Думанын депутаты Виктор Заварзин, КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Василий Волков жана Орусиядагы «Эркин шайлоо» фондунун башчысы Максим Лесков сөз сүйлөп, президенттик шайлоо жана референдум таза, калыс өткөнүн белгилешти.

Кыргызстандын Москвадагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Айдит Эркин Орусиянын аймагында 15 шайлоо тилкеси ачылып, жалпы 11 миңдей жаран добуш бергенин белгиледи. Ал пандемияда масштабдуу жараянды уюштурууда орус тараптын көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентациялар тартууланып, экспортко багытталган өндүрүмдүн көргөзмөсү уюштурулду.

Шайлоодон кийин, 11-январда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Парламенттик Ассамблеясынын өкүлдөрү Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, талапкерлерге каржылык жана үгүт иштеринде бирдей мүмкүнчүлүк түзүлбөгөнүн белгилешкен.

Эл аралык байкоочулар шайлоо жакшы деңгээлде болгонуна карабай, талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлбөгөндүгү шайлоону начарлатты деген пикирин билдиришкен.

Кезексиз президенттик шайлоодо жеңген Садыр Жапаров 28-январда кызматка расмий киришкенден кийинки алгачкы сапарын Орусияда өткөрүү пландалып жатканы маалымдалган.

Күндүн темасы

Конституциялык кеңешме жактырган долбоор10-премьерге кылмыш иши козголду Шайлоодон кийин камалган талапкерлер