Орусия Өзөктүк куралды көзөмөлдөө келишимин узартууну жактырды

Иллюстрациялык сүрөт.

27-январда Мамлекеттик Дума Өзөктүк куралды көзөмөлдөө тууралуу келишимди беш жылга узартууну жактырды.

Бир күн мурда АКШ менен Орусия лидерлери телефон аркылуу сүйлөшүп, келишимди узартууну макулдашкан.

2010-жылы кол коюлган жана ушул айда мөөнөтү аяктай турган «Жаңы СТАРТ (Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишими)» деп аталган келишимге ылайык тараптар алыс аралыкка учуучу ракеталардын өзөктүк дүрмөттөрүн ар бири 1 550 даанадан ашырбоого тийиш. Ал 1994-жылы күчүнө кирген СТАРТ келишиминин ордуна түзүлгөн болчу.

Былтыр АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын администрациясы Советтер Союзу менен 1987-жылы кол коюлган Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишимден чыгып кеткен. Андан соң Вашингтон 35 мамлекетке бири-биринин аймагына көзөмөл жүргүзүүчү учактарды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берген «Ачык асман келишиминен» чыкканын жарыялаган. Ушундан улам Өзөктүк куралды көзөмөлдөө боюнча келишимдин узартылышын Европадагы АКШнын өнөктөштөрү кубатташы күтүлүп жатат.