Өлүм жазасын киргизүү тууралуу сунуш кайрадан айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү тууралуу маселе Конституциялык кеңешмеде кайрадан көтөрүлдү. 27-январда кеңешменин секция башчылары катышкан пленардык жыйында «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев зордук-зомбулук күчөгөнүн, өлүм жазасын убактылуу болсо да киргизүүнү эл талап кылып жатканын айтты.

Сунуш добушка коюлуп, жыйынга катышкан 40ка жакын адамдын арасынан экөө гана колдоо көрсөткөнүн кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев айтты:

«Ким өлүм жазасы кирсин дегендер кол көтөрүп койгула. Кошалиев өзү жалгыз, дагы бир киши. Эки киши. Өтпөй калды».

Кыргызстанда өлүм жазасы тууралуу норманы кайра киргизүү жөнүндө сунуш былтыр ноябрь айында да талкууланып, четке кагылган. Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешменин адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери боюнча секциясынын жетекчиси Нурлан Шерипов 25-ноябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып «бул гумандуулук принциптерине туура келбей турганын, өлүм жазасын киргизүү артка кетүү болорун жана эл аралык укуктар менен стандарттарды сактоо тууралуу милдеттенмелерди аткарбоо болорун» айткан.

Кыргызстандын 1997-жылдагы Жазык кодексинде адамга карата жасалган өзгөчө оор кылмыш үчүн өлүм жазасы тууралуу норма каралган. Бир жылдан кийин ага мораторий киргизилген. 2007-жылы өлүм жазасы өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууга алмаштырылып, ошол эле жылы Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынганда мындай норма таптакыр алынып салынган. (RK)