Инаугурацияга чакырылгандар ПЧР анализин тапшырышты

Садыр Жапаров. 2020-жылдын 10-январы.

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына миңден ашуун конок чакырылды. Алардын арасында катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, жергиликтүү жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилери бар. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулууда. Чакырылган меймандардын бардыгы коронавирус инфекциясына ПЧР анализдерин тапшырышты.

Инаугурациянын жүрүшү Коомдук телерадиокорпорация, республикалык телеканалдар жана Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы атайын монитор аркылуу түз көрсөтүлөт. Аземди түз алып көрсөтүү 10.45те башталат.

Президенттин аппараты буга чейин инаугурацияга мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу бийликтеринин өкүлдөрү, экс-президенттер жана чет өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери чакырылганын маалымдаган.

Кыргызстанда 2020-жылдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик чукул алмашкан. 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты. (RK)